БУУ санкциялардан бошотуу боюнча чечим долбоорун жактырды

АКШ жана Ирландия тарабынан сунушталган мыйзам долбоору 14 добуш менен кабыл алынды, Индия калыс калды.

1917191
БУУ санкциялардан бошотуу боюнча чечим долбоорун жактырды

БУУнун Коопсуздук Кеңеши  гуманитардык жардамдарды БУУнун бардык санкцияларынан бошотуу боюнча чечим долбоорун жактырды.

БУУнун Коопсуздук Кеңеши БУУнун учурдагы же келечектеги бардык санкцияларынын алдында гуманитардык жардамга артыкчылык берүү боюнча чечим долбооруна добуш берди.

АКШ жана Ирландия тарабынан сунушталган мыйзам долбоору 14 добуш менен кабыл алынды, Индия калыс калды.

Добуш берүүдө бир дагы өлкө каршы добуш берген жок.

Норвегиянын Качкындар кеңешинин (NRC) баш катчысы Ян Эгеланд жогоруда айтылган мыйзам долбоору менен гуманитардык иш - чаралар муктаждыктар эң жогорку чекке жеткен учурда санкциялардан корголо тургандыыгн айтты.

АКШнын БУУдагы өкүлү Линда Томас Гринфилд добуш берүү башталар алдында кеңеште сүйлөгөн сөзүндө, кайрымдуу адамдардын дүйнөдөгү эң аярлуу адамдарга жетүүсүнө жардам берүүсү керектигин белгиледи.

Бир тараптан Эл аралык Кызыл Крест жана Кызылай коомдору федерациясынан берилген билдирүүдө мыйзам долбоорунун БУУнун санкцияларына тема болгон өлкөлөрдөгү жардам иштерин коргой тургандыгы белгиленди.



Тектеш кабарлар