Финляндия Түркиянын коопсуздук маселелерин түшүнөт

Министр Кайкконен Анкарада Анадолу агенттигине маалымат берди.

1916818
Финляндия Түркиянын коопсуздук маселелерин түшүнөт

Финляндиянын коргоо министри Антти Кайкконен, Түркиянын коопсуздук маселелерин түшүнгөндөрүн жана террор менен күрөшүүдө чечкиндүү экендиктерин айтты.

Министр Кайкконен расмий сапардын алкагында келген борбор шаар Анкарада Анадолу агенттигине берген маалыматында, улуттук коргоо министри Хулуси Акар менен жолугушууда Европадагы учурдагы абалды талкуулагандарын айтты.

Министр Акардын да, өзүнүн да Украинадагы абалга тынчсызданганын билдирген Кайкконен: «Тилекке каршы бул трагедиялуу согуш тез бүтө тургандай көрүнбөй эле, бирок тынчтык канчалык эрте келсе ошончолук жакшы болот»,-деди.

Акар менен Финляндия жана Швециянын НАТОго мүчөлүк арызы, Түркия менен бул өлкөлөрдүн ортосунда Мадридде кол коюлган үч тараптуу келишимдин да талкууланганына көңүл бурган Кайкконен, жолугушуунун конструктивдүү жана жакшы маанайда өткөнүн белгиледи.

Түркиянын коопсуздук маселелерин чындап түшүнүшкөндөрүн билдирген Кайкконен: «Түркия Финляндиянын террор менен күрөшүүдөгү чечкиндүүлүгүнө ишенсе болот. Буга эч кандай шек жок»,-деп сереп салды.



Тектеш кабарлар