Сауд Арабия менен Кытайдын ортосунда келишимдерге кол коюлду

Кол коюу аземинде сөз сүйлөгөн инвестиция министри Фалих бул келишимдердин Сауд Арабиянын Кытай менен экономика жана инвестиция сыяктуу бардык тармактарда карым-катнаштарын өнүктүрүү каалоосун чагылдырганын айтты.

1916415
Сауд Арабия менен Кытайдын ортосунда келишимдерге кол коюлду

Сауд Арабия менен Кытай фирмалары ар түрдүү тармактарда 34 инвестиция келишимине кол коюшту.

Сауд Арабиянын расмий агенттиги SPAнын кабарына караганда, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин өлкөгө сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларга, инвестиция министри Халид бин Абдулазиз ал-Фалих менен мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү катышкан жыйында кол коюлду.

Эки тараптын ортосундагы келишимдердин жашыл энергетика, жашыл суутек, фотоэлектрдик күн энергиясы, маалымат технологиялары, булут кызматтары, транспорт, логистика, медициналык өнөр жай, турак жай жана курулуш ишканалары сыяктуу түрдүү тармактарды камтыганы белгиленди.

Кол коюу аземинде сөз сүйлөгөн инвестиция министри Фалих бул келишимдердин Сауд Арабиянын Кытай менен экономика жана инвестиция сыяктуу бардык тармактарда карым-катнаштарын өнүктүрүү каалоосун чагылдырганын айтты.

Кытай президентинин сапары эки өлкөнүн лидерлеринин экономика жана инвестиция баш болгон бардык тармакта эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди жана өнөктөштүктү бекемдөөгө чечкиндүүлүгүн чагылдырганын белгилеген Фалих, бул сапардын экономикалык жана коммерциялык мамилелер менен инвестициянын темпин арттырууга салым кошо турганын билдирди.

Кытайдын тышкы иштер министрлиги, Си Цзиньпиндин 7-9-декабрда Сауд Арабияга расмий сапар жасай турганын, борбор шаар Эр-Риядда өтө турган Кытай-Араб өлкөлөрү саммитине жана Кытай-Булуң Кызматташтык Уюмунун саммитине катыша турганын маалымдады.



Тектеш кабарлар