Путин: "Өзөктүк согуш коркунучу күчөдү"

Путин Жарандык коом жана адам укуктарын өнүктүрүү кеңешинин жыйынында сөз сүйлөдү.

1916299
Путин: "Өзөктүк согуш коркунучу күчөдү"

Орусиянын президенти Владимир Путин өзөктүк согуш коркунучунун күчөгөнүн айтып: «Орусия (өзөктүк) биринчи колдонбойт, биринчи колдонбосо экинчи да болбойт»,- деди.

Путин Жарандык коом жана адам укуктарын өнүктүрүү кеңешинин жыйынында сүйлөгөн сөзүндө, Донбасста жашаган элдин адам укуктарынын 8 жылдан бери тебеленип келгенин, эл аралык уюмдардын буга көңүл бурбаганын билдирди.

Украинада баштаган «атайын аскердик операциясынан» кийин Бириккен Улуттар Уюмунун Адам Укуктары Кеңеши, Европа Кеңеши жана башка укук коргоо уюмдарынын «ойгонгондорун» белгилеген Путин: «Мунун баары бул түзүмдөрдүн өздөрүнүн уставында өз милдеттерин аткара албасын көрсөттү. Ачык көз карашынан улам Орусия бул уюмдардагы мүчөлүгүн токтотууга аргасыз болду»,- деди.

Батыштык укук коргоо уюмдарынын Орусияны «эч бир түрдө бар болууга укугу жок экинчи сорттогу өлкө катары эсептегенин» билдирген Путин, улуттук кызыкчылыктары үчүн ар кандай жолдор менен күрөшө тургандарын айтты.

Путин: «Биринчи кезекте биз тынчтык жолдорго көңүл бурабыз. Бирок эч нерсе калбаса, биз колубузда болгон бардык мүмкүнчүлүктөр менен өзүбүздү коргойбуз»,-деп айтты.

Өзөктүк согуш ыктымалдуулугуна да сереп салган Путин: «Ядролук согуш коркунучу күчөп баратат. Орусия (өзөктүк) биринчи колдонбойт, эгер биринчи колдонбосо, экинчиси да болбойт. Анткени биздин жерлерге каршы өзөктүк куралды колдонуу мүмкүнчүлүктөрү өтө чектелүү»,-деди.

Путин өзөктүк курал колдонуу мүмкүнчүлүгү тууралуу сөз кылбагандарын, болгону ага жооп катары кээ бир чараларды көргөндөрүн билдирди.



Тектеш кабарлар