Орусия Украинада жаңы аймактарды аннексиялоону пландап жатабы?

Песков борбор шаар Москвада журналисттердин суроолоруна жооп берди.

1916507
Орусия Украинада жаңы аймактарды аннексиялоону пландап жатабы?

Орусиянын Президенттик сарайынын (Кремль) басма сөз катчысы Дмитрий Песков, Украинада дагы башка аймактарды аннексиялоону пландабагандарын айтты. 

Песков борбор шаар Москвада журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Орусия Украинада жаңы аймактарды аннексиялоону пландап жатабы деген суроого Песков: «Күн тартибинде андай нерсе жок. Бул багытта эч кандай билдирүүлөр болгон эмес, бирок дагы деле аймактарды бошотуу үчүн жасала турчу көп иш бар. Орусияга жаңыдан кошулган айрым аймактардагы басылып алынган жерлер бошотулушу керек»,-деп жооп берди.

Песков Киев администрациясы кааласа жаңжалдын ​​эртең деле бүтүшү мүмкүн экенин жана Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин бул жагдайдан кабардар экенин баса белгиледи.

Аннексияланган Крымдагы кырдаалга да комментарий берген Песков: «Украина тарап террордук чабуулдарды уюштуруу саясатын улантып жаткандыктан коркунучтар сакталууда, бирок алынган маалыматтар эффективдүү жооп кайтаруу чараларынын көрүлгөндүгүн көрсөтүүдө»,- деп айтты.

Орус мунайына байланыштуу чектик баа арызына да жооп бере тургандарын белгилеген Песков: «Даярдыктарыбыз бүтөйүн деп калды»,-деди.



Тектеш кабарлар