Швеция үч тараптуу меморандумдун шарттарына кандай карайт?

АКШга барып мамлекеттик катчы Энтони Блинкен жана Финляндиянын тышкы иштер министри Пекка Хаависто менен үч тараптуу жолугушууга даярданган Биллстрем, өлкөсүнүн маалымат агенттиги ТТге билдирүү жасады.

1916105
Швеция үч тараптуу меморандумдун шарттарына кандай карайт?

Швециянын тышкы иштер министри Тобиас Биллстрем, НАТОго мүчөлүк үчүн Швеция, Түркия жана Финляндиянын ортосунда 28-июнда кол коюлган үч тараптуу меморандумдун шарттарын абдан олуттуу кабыл алгандарын айтты.

АКШга барып мамлекеттик катчы Энтони Блинкен жана Финляндиянын тышкы иштер министри Пекка Хаависто менен үч тараптуу жолугушууга даярданган Биллстрем, өлкөсүнүн маалымат агенттиги ТТге билдирүү жасады.

Биллстрем, Испаниянын борбор шаары Мадриддеги НАТО саммитинде Швеция, Түркия жана Финляндиянын ортосунда түзүлгөн келишимге байланыштуу: «Биз үч тараптуу меморандумдун шарттарына өтө олуттуу мамиле жасайбыз. Убадаларыбызды аткарууга аракет кылып жатабыз, келишимдин ар кандай бөлүктөрү боюнча жылыштар бар»,-деди.

Дүйнөдө коопсуздуктун оор күндөрдү башынан өткөрүп жатканына көңүл бурган Биллстрем, Швеция менен Финляндиянын мүмкүн болушунча тезирээк НАТОго кириши керектигин кошумчалады.



Тектеш кабарлар