Гүлер Сабанжы "Дүйнөдөгү эң күчтүү 100 аял" тизмесинде жалгыз түрк

Сабанжы тизмеде 81-орунду ээледи.

1915922
Гүлер Сабанжы "Дүйнөдөгү эң күчтүү 100 аял" тизмесинде жалгыз түрк

Сабанжы Холдингдин Башкаруу кеңешинин төрайымы Гүлер Сабанжы «Дүйнөдөгү эң күчтүү 100 аял» тизмесине кирген жалгыз түрк ишкер айымы болду.

Дүйнөнүн эң престиждүү бизнес журналдарынын бири Forbes тарабынан жыл сайын даярдалган «Дүйнөдөгү эң күчтүү 100 аял» тизмесине кирген жалгыз түрк ишкер айымы Сабанжы тизмеде 81-орунду ээледи.

Тизменин башында Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен, экинчи орунда Европанын Борбордук банкынын төрайымы Кристин Лагард, үчүнчүдө АКШнын вице-президенти Камала Харрис бар.

Журналдын интернет баракчасында жарыяланган билдирүүдө, Гүлер Сабанжынын "Сабанжы" Фонду менен Сабанжы университетинин Камкорчулар кеңешинин төрайымы жана European Round Table for Industryнин (ERT) биринчи аял мүчөсү экени белгиленди. Ошондой эле Гүлер Сабанжынын MIT Energy Initiativeнин Тышкы консультативдик кеңешинде кызмат кылганы да эске салынды.



Тектеш кабарлар