АКШ Тайванга аскердик техника сатууда

Тайванга 330 жана 98 миллион долларлык аскердик техника сатууга уруксат берилгени кабарланды.

1915791
АКШ Тайванга аскердик техника сатууда

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Мамлекеттик департаменти Тайванга 428 миллион долларлык аскердик техника сатууну бекитти.

АКШнын Коргонуу Коопсуздук Кызматташтык Агенттиги, Кытай менен тирешип турган Тайванга эки башка аскердик техника сатууну бекиткенин жарыялады.

Бул боюнча агенттиктен АКШ Конгрессине билдирүү жөнөтүлдү.

Билдирүүдө Тайванга 330 жана 98 миллион долларлык «Ф-16» жана «С-130» учактары менен курал системаларынын запастык бөлүктөрүн камтыган аскердик техника сатууга уруксат берилгени белгиленди.

Агенттиктин билдирүүсүндө ыктымалдуу сатуунун, АКШнын экономикалык, улуттук жана коопсуздук кызыкчылыктарына ошондой эле сатып алуучунун ишенимдүү коргонуу жөндөмдүүлүгүн сактоо аракетине да кызмат кылары айтылды.



Тектеш кабарлар