Украинадан Африка өлкөлөрүнө колдоо
Дан эгиндерин ташыган биринчи кеменин Жибутиге жеткени маалымдалды.
1915213

Украина, узак убакыттан бери кургакчылык менен күрөшүп жаткан Чыгыш Африка өлкөлөрүнө дан эгиндерин жөнөткөнүн кабарлады.
Украинанын Аддис-Абебадагы элчилигинин билдирүүсүндө, биринчи кеменин Жибутиге жеткени маалымдалды.
Билдирүүдө эгин ташуунун Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасына көз карандысыз түрдө жүргүзүлүп, келерки аптада Эфиопия менен Сомалиге да жөнөтүлө турганы айтылды.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Эфиопия, Түштүк Судан, Сомали, Конго, Кения жана Йемен сыяктуу азык-түлүк көйгөйлөрү бар өлкөлөргө колдоо көрсөтөөрүн билдирген болчу.
Тектеш кабарлар

Хүржет немис басма сөзүндө
"Flugrevue" журналы, Түркия тарабынан иштелип чыккан HÜRJET (Хүржет) учагы тууралуу макала жазды.