Орусиядагы мунай сактоочу жайга учкучсуз аппарат менен сокку урулду

Курск облусунун губернатору Роман Старовойт өзүнүн Telegram каналынан билдирүү жасады.

1915274
Орусиядагы мунай сактоочу жайга учкучсуз аппарат менен сокку урулду

Орусиянын Курск шаарындагы аскердик аэропорттун мунай сактоочу жайына учкучсуз учуучу аппарат менен кол салуу болду.

Бул тууралуу Курск облусунун губернатору Роман Старовойт өзүнүн Telegram каналынан билдирүү жасап: «Курск аэропортуна учкучсуз аппараттын кол салуусунан улам мунай сактоочу жай өрттөндү. Адам өмүрүнө зыян келген жок. Өрттү өчүрүү иштери жүрүп жатат. Окуя болгон жерде бардык атайын кызматтар иштеп жатышат»,-деди.

Орусиянын Коргоо министрлиги, Украинанын учкучсуз аппараттар ​​менен Орусиянын Дягилево жана Энгельс аскердик аэропортторуна кол салганын, кол салууларда 3 аскер шейит болуп, 4 аскердин жаракат алганын билдирген.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул кое баштаган болчу.



Тектеш кабарлар