Монголиянын реформалык билдирүүсү

Оюн-Эрдене борбор калаа Улан-Батордо маалымат жыйынын өткөрүп, өлкөдөгү нааразылык акцияларына баа берди.

1915337
Монголиянын реформалык билдирүүсү

Монголиянын премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюн-Эрдене өлкөдөгү нааразылык акцияларынан улам өкмөттү отставкага кетирүү жана парламентти таркатуу күн тартибинде жок экенин, бирок системалуу реформалар жасалса болорун айтты.

Оюн-Эрдене борбор калаа Улан-Батордо маалымат жыйынын өткөрүп, өлкөдөгү нааразылык акцияларына баа берди.

Монголиянын Улуттук коопсуздук кеңешинин митингдерди талкуулоо үчүн чогулганын белгилеген Оюн-Эрдене: «Жыйында өкмөттү отставкага кетирүү жана парламентти таратуу маселеси талкууланган жок. Бирок президент (Ухнаагийн Хурелсух) коомчулук тарабынан колдоого алынса системалык реформаларды колдоого даяр экенин билдирди»,-деп айтты.

Оюн-Эрдене митингчилер 20 талап жана сунуштарын, анын ичинде шайлоо системасын реформалоо боюнча сунуштарын айтып, саясий партиялардын жана бейөкмөт уюмдардын лидерлери менен мүмкүн болгон реформаларды сүйлөшүүгө ниеттенип жатканын билдирди.

Демонстранттар көмүрдү экспорттоого тиешеси бар аткаминерлердин да аты-жөнүн талап кылышканын айткан Оюн-Эрдене: «Бирок көмүр уурулар кечээки нааразылык акцияларын саясатташтырууга аракет кылышты, андыктан коомчулук буга өтө этият болушу керек»,-деди.

4-декабрда Монголияда экономикадагы абал жана өкмөттөгү коррупция боюнча нааразылык акциялары башталган.

Өкмөт өкүлдөрү Кытайга сатылган көмүрдөн түшкөн кирешени уурдап кетишкенин айткан митингчилер бул маселеге так жооп берүүнү, жумушсуздук менен экономикалык көйгөйлөрдүн чечилишин талап кылышты.

Президенттик, премьер-министрлик жана парламент имараты курчоого алынган демонстрациялар 2 күнгө созулду.



Тектеш кабарлар