Орусия менен Кытайдын ортосунда улуттук валюта менен соода
Мишустин эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын кезектеги 27-жыйынында видеоконференция ыкмасы менен маалымат берди.
Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин Кытайга мунай, жаратылыш газ жана көмүр берүүнү көбөйткөндөрүн билдирип: «Соодабыздын дээрлик жарымын улуттук валюталар менен жүргүзүп жатканыбыз өтө маанилүү»,-деди.
Мишустин Кытайдын мамлекеттик кеңешинин премьер-министри Ли Кэцян да катышкан эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын кезектеги 27-жыйынында видеоконференция ыкмасы менен маалымат берди.
Орусиянын Кытайга энергия булактарынын экспортун арттырганына көңүл бурган Мишустин: «Жаратылыш газы, мунай жана көмүр менен камсыздообуз көбөйүүдө. Кытайда Орусиянын катышуусу менен атомдук станциянын курулуштары да уланууда. Учурдагы бардык келишимдик милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылууга жана бул жаатта жаңы ири долбоорлордун үстүндө иштөөгө даярбыз»,-деп айтты.
Эки өлкөнүн ортосундагы соодада улуттук валюталардын үлүшүнүн да көбөйгөнүн баса белгилеген Мишустин: «Соодабыздын дээрлик жарымын улуттук валюталар менен жүргүзүп жатканыбыз абдан маанилүү. Мындай төлөмдөр соодада үстөмдүк кылуусу керек. Бул көп полярдуу дүйнөнүн үстөмдүк кылган экономикалык жана каржы саясатынын логикасы»,- деди.
Мишустин ар кандай чектөөлөргө карабастан Орусия менен Кытайдын ортосундагы соода көлөмүнүн да ушул жылдын 10 айында 150 миллиард долларга жакындаганын маалымдады.