Монголияда нааразылык акциялары өтүүдө

Борбор калаа Улан-Батордо кечээ башталган демонстрацияларда өкмөттүк кызматкерлердин Кытайга сатылган көмүрдөн түшкөн кирешени кымырып алганы айтылып, жооп талап кылынды.

1914987
Монголияда нааразылык акциялары өтүүдө

Монголияда экономиканын абалына жана бийликтеги коррупцияга байланыштуу нааразылык акциялары өтүүдө.

Борбор калаа Улан-Батордо кечээ башталган демонстрацияларда өкмөттүк кызматкерлердин Кытайга сатылган көмүрдөн түшкөн кирешени кымырып алганы айтылып, жооп талап кылынды.

Президенттик, премьер-министрлик жана парламент имаратын курчап алган демонстранттар менен полициянын ортосунда кагылышуу болду.

Шаардын Сух-Батор аянтына да чогулган демонстранттар жумушсуздук жана экономикалык көйгөйлөрдү чечүүнү талап кылышты. Демонстранттардын арасында жаштардын көпчүлүктү түзгөндүгү көңүлдү бурду.

Полиция менен демонстранттардын кагылышында жарадар болгондор бар.

Улан-Батордо абанын температурасы -28 градуска жеткенине карабастан, демонстрациялар уланууда.



Тектеш кабарлар