Песков ЕБ жана G7 өлкөлөрүнүн орус мунайына чектик баа арызын кабыл албай турганын айтты

Бул тууралуу Орусиянын Президенттик сарайынын (Кремль) басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналисттерге берген маалыматында айтты.

1914347
Песков ЕБ жана G7 өлкөлөрүнүн орус мунайына чектик баа арызын кабыл албай турганын айтты

Орусиянын Президенттик сарайынын (Кремль) басма сөз катчысы Дмитрий Песков, Европа Биримдиги (ЕБ) жана G7 өлкөлөрүнүн орус мунайына чектик баа арызын кабыл албай турганын айтты.

Песков журналисттерге берген маалыматында: «Учурда талдоо жүргүзүп жатабыз. Бизде бул баа чегине каршы даярдыктар бар. Биз бул баа чегин кабыл албайбыз жана анализибизден кийин бул бизнести кантип уюштуруу керек экенин тез арада кабарлайбыз», - деди.

Евробиримдик жана G7 өлкөлөрү деңиз аркылуу ташылган орус мунайынын баррелине 60 доллардан ашпаган чек коюуну чечкен болчу.



Тектеш кабарлар