Пакистанда полициянын күзөт унаасына кол салуу болду...

The News гезитинин кабарына караганда, мотоциклдүү согушкерлер Новшера шаарынын Иракабад районунда патрулдук полициянын унаасына кол салышкан.

1914433
Пакистанда полициянын күзөт унаасына кол салуу болду...

Пакистандын Хайбер-Пахтунхва провинциясында пакистандык талиптердин (ТТП) жоочулары патрулдук полиция унаасына кол салганда үч коопсуздук кызматкери набыт болду.

The News гезитинин кабарына караганда, мотоциклдүү согушкерлер Новшера шаарынын Иракабад районунда патрулдук полициянын унаасына кол салышкан.

Кол салууда үч полиция каза болду.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти «Пакистан Талибаны» террордук уюму өзүнө алды.

Ошол эле учурда Пакистандын Тышкы иштер министрлиги Кабул элчилигине жасалган куралдуу кол салуу үчүн жоопкерчиликти ДЕАШ/Н террордук уюму өзүнө алганы тууралуу маалыматтар бар экенин жана бул ооган бийликтери менен кеңешкенден кийин тастыкталганын билдирди.

Министрликтин билдирүүсүндө, бул жамандыкты жеңүү үчүн биргелешип аракет кылуу керектигине көңүл бурулуп, Пакистандын террор менен күрөшүүдөгү чечкиндүүлүгү баса белгиленди.

Пакистандын Кабулдагы элчилигине 2-декабрда куралдуу кол салуу болгон.

Кол салуу Пакистандын Кабул миссиясынын башчысы, убактылуу ишенимдүү адам Убейд ур Рахман Низаманиге багытталган. Низамани кол салуудан эч кандай зыян тартпай аман калган, кол салууну алдын алуу үчүн кийлигишкен элчиликтин кароолчусу Исрар Мухаммед болсо оор жаракат алган.



Тектеш кабарлар