ДССУ Кытайдын Ковид-19 чараларын жеңилдетүүсүн колдоду

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өзгөчө кырдаалдар боюнча директору доктор Майкл Райан Бириккен Улуттар Уюмунун Женева кеңсесинин жумалык маалымат жыйынында Кытайдагы абалга баа берди.

1914292
ДССУ Кытайдын Ковид-19 чараларын жеңилдетүүсүн колдоду

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму (ДССУ) Кытайда «нөлдүк Ковид-19 учуру» алкагында ишке ашырылган жана коомчулуктун реакциясын жараткан карантин жана жабуу сыяктуу катаал чараларды жеңилдетүү аракеттерин колдоду.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өзгөчө кырдаалдар боюнча директору доктор Майкл Райан Бириккен Улуттар Уюмунун Женева кеңсесинин жумалык маалымат жыйынында Кытайдын Ковид-19 катуу чараларын жеңилдетүү аракети тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Райан Кытайдын Ковид-19 менен күрөшүү стратегиясын өзгөртүүсүнө ыраазы экенин белгилеп: «Нөлдүк жуктурган учур стратегиясы туруктуу эмес. Omicron вариантынын жугуштуу ылдамдыгы Covid-19нун ар бир учурун токтотууга мүмкүн эместигин көрсөтүүдө»,-деп өз баасын берди.

ДССУга мүчө өлкөлөрдүн коомчулуктун жыргалчылыгы үчүн Ковид-19 менен күрөшүү боюнча чечим кабыл алышы керектигин баса белгилеген Райан: «Мындан ары аныктала турган стратегиялар кытай элинин жашоо-тиричилигин, жыргалчылыгын жана адам укуктары менен вирусту көзөмөлдөө тең салмактуу болушу керек»,-деди.

Күздөн бери Кытайда Omicron вариантынын жугушунун күчөшүнө байланыштуу өкмөт катуу жана масштабдуу чараларды көрдү, мисалы, карантин, саякатка чектөө, массалык тестирлөө, өндүрүш, соода жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү ишканалардын чектелиши же жабылышы сыяктуу катаал жана кеңири масштабдуу чараларды көргөн.

Катуу чараларга реакция кылган эл акыркы жумада өлкөнүн ар кайсы аймактарында өкмөткө нааразылык акциясын өткөргөн.



Тектеш кабарлар