Беларусь-Орусия аймактык коопсуздук келишими

Беларустун Коргоо министрлигинен берилген маалыматта Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгунун расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн Беларустун борбор шаары Минскке барганы белгиленди.

1914344
Беларусь-Орусия аймактык коопсуздук келишими

Беларусь Орусия менен аскердик тармакта аймактык коопсуздукту биргелешип камсыздоо келишимине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган протоколго кол койгонун жарыялады.

Беларустун Коргоо министрлигинен берилген маалыматта Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгунун расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн Беларустун борбор шаары Минскке барганы белгиленди.

Беларустун коргоо министри Виктор Хренин менен Шойгунун жолугушканы белгиленген билдирүүдө эки өлкөнүн ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтык менен катар актуалдуу темалардын да сүйлөшүлгөнү белгиленди.

Билдирүүдө, «Хренин менен Шойгу 1997-жылдын 19-декабрындагы аскерий тармакта аймактык коопсуздукту биргелешип камсыздоо боюнча Беларусь менен Орусиянын ортосундагы келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго кол коюшту»,- деп айтылган.

Шойгу өз билдирүүсүндө Беларустун «АКШ менен анын союздаштарынын кастык курсуна» каршы турууга чечкиндүүлүгү жана Орусия-Беларусь Биримдик Мамлекетинин аскердик коопсуздугун биргелешип камсыздоого даярдыгы мактоого арзырлык экенин белгиледи.

Шойгу жамааттык Батыштын болуп көрбөгөндөй кысымы астында жана эки өлкөгө каршы атын атабаган согуш шарттарында Беларустун өнөктөштүгүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп: «Учурда эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын чечимине ылайык, Орусия менен Беларустун биргелешкен аймактык күчтүк аскер бөлүктөрү жана бирикмелери күжүрмөн координациялоо иш-чараларын жүргүзүүдө»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар