Венгрия менен Армениянын ортосунда дипломатиялык мамилелер калыбына келтирилди

Венгриянын тышкы иштери жана тышкы соода министри Петер Сийярто өлкөсү менен Армениянын ортосунда дипломатиялык мамилелерди калыбына келтирүү боюнча макулдашууга жетишилгенин билдирди.

1913818
Венгрия менен Армениянын ортосунда дипломатиялык мамилелер калыбына келтирилди

Венгрия менен Армениянын ортосунда дипломатиялык мамилелер калыбына келтирилди.

Венгриянын тышкы иштери жана тышкы соода министри Петер Сийярто өлкөсү менен Армениянын ортосунда дипломатиялык мамилелерди калыбына келтирүү боюнча макулдашууга жетишилгенин билдирди.

Министр Сийярто Фейсбук баракчасына жазган билдирүүсүндө Венгрия менен Армениянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин үзүлгөнүнө 10 жылдан ашык убакыт өткөнүн, бирок акыркы сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамилелерди калыбына келтирүү чечими кабыл алынганын белгиледи.

Венгриянын министри: «Кийинки кадам элчилерди өз ара дайындоо»,-деди.

2004-жылы НАТОнун «Тынчтык үчүн өнөктөштүк» программасынын алкагында Венгрияда катышкан семинарда Азербайжандын желегин тебелеген армян офицерин өлтүргөн деп өмүр бою эркинен ажыратылган азербайжан офицери Рамил Сеферов 2012-жылы өз өлкөсүнө өткөрүлүп берилди жана Азербайжандын президенти Илхам Алиев атайын жарлык менен мунапыс берген.

Сеферовдун экстрадицияланышына байланыштуу Армения Венгрия менен дипломатиялык алакасын үзгөн болчу.



Тектеш кабарлар