Украинадагы согуштун кесепети
Украин парламентинин адам укуктары боюнча комиссары Дмитрий Лубинец жазуу түрүндө билдирүү жасады.
1913655

Украинада согуш башталган 24-февралдан бери 14,5 миллиондон ашуун украиналыктын өлкөдөн чыгып кеткени билдирилди.
Украин парламентинин адам укуктары боюнча комиссары Дмитрий Лубинец жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: "24-февралдан кийин 14,5 миллиондон ашуун украиналык өлкөдөн чыгып кетти жана алардын кеминде 11,7 миллиону Евробиримдиктин (ЕБ) өлкөлөрүнө кетишти. 7,7 миллион адам Европада убактылуу коргоо кызматын алуучу катары катталды",-деп маалымдады.
Лубинец 4,7 миллион украиналыктын да уланып жаткан согуштан улам өлкө ичинде жер которгондугун кабарлады.