Столтенберг менен Шольц биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүштү

Столтенберг: "Согуштан улам кыш оорлоп баратат. Орусия бул согушта жеңбеши керек. Путиндин НАТОну согушка сүйрөөсүнө жол бербейбиз",-деди.

1913673
Столтенберг менен Шольц биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүштү

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг, Орусиянын президенти Владимир Путиндин НАТОну Украинадагы согушка тартуусуна жол бербей тургандарын билдирди.

Баш катчы Германиянын канцлери Олаф Шольц менен борбор шаар Берлиндеги жолугушуусунан кийин биргелешкен маалымат жыйынында, Орусиянын Украинага каршы баштаган согушунун эл аралык укукка каршы келгенин дагы бир жолу айтты.

Столтенберг: "Согуштан улам кыш оорлоп баратат. Орусия бул согушта жеңбеши керек. Путиндин НАТОну согушка сүйрөөсүнө жол бербейбиз",-деди.

Германиянын канцлери Олаф Шольц да НАТО союздаштары менен Украинага колдоо көрсөтүүнү уланта тургандарын белгиледи.

"Бул согушта Орусия жеңбеши керек",-деген Шольц НАТОнун согушка тарап болбошу керектигин, ушундайча дүйнөлүк чыңалуу жаралбай турганын айтты.



Тектеш кабарлар