Орусиядан жаңы ракета сыноосу

Сыналган ракетанын өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берилген жок.

1913974
Орусиядан жаңы ракета сыноосу

Орусия Казакстандын Сары-Шаган полигонунан жаңы ракета учурду.

Орусиянын Коргоо министрлигинен берилген маалыматта, Казакстандын Сары-Шаган полигонунда Орусиянын абадан жана ракетадан коргонуу бөлүктөрүнүн согуштук тобу тарабынан жаңы ракеталык сыноо өткөрүлгөндүгү белгиленди.

Орус абадан коргонуу системасынын ракета сыноосунун ийгиликтүү өткөнү, ракетанын белгиленген бутага таамай сокку урганы маалымдалды. 

Сыналган ракетанын өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берилген жок.



Тектеш кабарлар