Евробиримдиктин электр унаа соодасы
Евростат Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн 2021-жылдагы электр унаа соодасы боюнча маалыматтарды жарыялады.

Евробиримдик (ЕБ) өлкөлөрү өткөн жылы ар кандай электромобилдерди импорттоого жалпысынан 29 миллиард евродон ашык каражат жумшашты.
Европанын статистикалык бюросу (Евростат) Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн 2021-жылдагы электр унаа соодасы боюнча маалыматтарды жарыялады.
Буга ылайык, ЕБ өлкөлөрү 11,8 миллиард евролык гибрид унааларды, 11,4 миллиард евролук толугу менен электрдик жана 5,9 миллиард евролук плагин гибриддик унааларды импорттошту. Ушундайча Евробиримдик түрдүү электромобилдерди импорттоого жалпысынан 29,1 миллиард евро сарптады.
Евробиримдиктин электр унаа экспорту болсо импортунан ашты.
Мүчө өлкөлөр 22,9 миллиард евролук гибрид, 12,3 миллиард евролук электр жана 6,8 миллиард евролук плагин гибриддик унааларды экспорттошту.
ЕБ өлкөлөрүнүн жалпы электр унаа экспорту 42 миллиард еврого жетти.
Тектеш кабарлар

Индияда эки аскердик учак кырсыкка учурады
Индиянын Аскердик Аба күчтөрүнүн эки аскердик учагы кыйрап, бир учкуч каза болду.