Евробиримдик кеңешинин төрагасы Мишель Кытайга барды

Европа Биримдигинин (ЕБ) кеңешинин төрагасы Шарль Мишель Кытайга жасаган биринчи сапарында Си менен жолуккандан кийин Пекинде маалымат жыйын өткөрдү.

1913617
Евробиримдик кеңешинин төрагасы Мишель Кытайга барды

Европа Биримдигинин (ЕБ) кеңешинин төрагасы Шарль Мишель Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинди Украинадагы согушту токтотуу үчүн Орусияга болгон таасирин колдонууга үндөгөнүн белгиледи.

Кытайга жасаган биринчи сапарында Си менен жолуккандан кийин Пекинде маалымат жыйын өткөргөн Мишель, Евробиримдиктин геосаясий, экономикалык жана глобалдык чакырыктарга карата позициясын билдиргенин айтып: «Биз Кытай менен байланыш каналдары ачык бойдон калышын камсыз кылышыбыз керек»,-деди.

24-февралдан бери уланып жаткан Украинадагы согушка байланыштуу Мишель: «Мен Си Цзиньпинди Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Уставын урматтоо үчүн Орусияга болгон таасирин колдонууга үндөдүм»,-деп айтты.

Адам укуктары, негизги эркиндиктер жана азчылык укуктары темасын көтөргөнүн белгилеген Шарль Мишель: «Бул Кытайдын ички иштерине кийлигишүү эмес. Бул БУУ ондогон жылдар бою макулдашылган принциптерди сактоо жөнүндө»,-деп айтты.

Тайвань маселесин да сүйлөшкөндөрүн билдирген Мишель, Европа Биримдигинин «бир Кытай» саясатына берилгендигин да баса белгилегенин айтты.

Климаттын өзгөрүшү, азык-түлүк жана энергетика кризиси сыяктуу маселелерде биргелешип иштөө зарылдыгын баса белгилеген Мишель, жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) эпидемиясынан кутулуунун орток приоритет болуусу уланып жатканын айтты.

Европа Кеңешинин Төрагасы Мишель Си Цзиньпинге Европада өндүрүлгөн вакциналар оорулардын жана өлүмдөрдүн санын олуттуу кыскартууда натыйжалуу болгондугу тууралуу билдирүүсүн жеткиргенин кошумчалады.



Тектеш кабарлар