Асад режиминен Идлибге кол салуу

Асад режими жана Иран колдогон террордук топтордон турган режим күчтөрү, Идлиб чыңалуусун азайтуу аймагынын чектериндеги Обин айылына жерден жерге атуучу курал менен кол салды.

1914133
Асад режиминен Идлибге кол салуу

Сирияда Башар Асад режими тарабынан Идлиб облусунун түштүк батышындагы Обин айылына жасалган кол салууда 3 жаран каза болуп, 6 жаран жараланды.

Асад режими жана Иран колдогон террордук топтордон турган режим күчтөрү, Идлиб чыңалуусун азайтуу аймагынын чектериндеги Обин айылына жерден жерге атуучу курал менен кол салды.

Сириянын жарандык коргонуу (Ак каскалы) булактарынан алынган маалыматка караганда кол салууда бир үй-бүлөдөн 3 жаран каза болуп, 6 жаран жараланды.

Жаракат алгандар жакынкы ооруканаларда дарыланууда.

2017-жылдагы Астана жыйынында Түркия, Орусия жана Иран Асад режиминин көзөмөлүндө болбогон аймакта 4 «деэскалация аймагын» түзүү чечимине келишкен.

Режим, Иран колдогон террористтер жана Орусия кол салууларын улантып, 4 аймактын 3үн басып алып, Идлибди көздөй багыт алды.

Түркия 2018-жылдын сентябрь айында Орусия менен ок атышпоону бекемдөө боюнча кошумча келишимге жетишкени менен 2019-жылдын май айында кол салуулар кайрадан күчөгөн.

Түркия менен Орусиянын 2020-жылдын 5-мартындагы жаңы келишиминен кийин ок атышпоо негизинен сакталды.

2017-2020-жылдардагы кол салуулардан качкан 2 миллионго жакын жаран Түркия чек арасына жакын аймактарга көчүүгө аргасыз болду.



Тектеш кабарлар