Зеленский: «Биз баскынчылардын ниетин талдап, каршы чараларды даярдайбыз»

Зеленский New York Times гезити уюштурган «DealBook» саммитине телеконференция аркылуу катышып Украинада Орусияга каршы уланып жаткан согушка баа берди.

1913319
Зеленский: «Биз баскынчылардын ниетин талдап, каршы чараларды даярдайбыз»

Украинанын президенти Владимир Зеленский өз өлкөсүндө согушту улантып жаткан орус армиясына каршы жаңы чараларды даярдап жатканын билдирди.

Владимир Зеленский социалдык тармактагы эсебинде жарыяланган күнүмдүк видео кайрылуусунда Украина жарандарына кайрылып, 24-февралдан бери уланып жаткан Орусия-Украина согушунун фронттогу акыркы окуялары тууралуу маалымат бөлүштү.

Коопсуздук кызматкерлери менен жолугуп, Украинадагы бардык фронттогу окуяларды талкуулаганын айткан Зеленский: «Биз баскынчылардын ниетин талдап, каршы чараларды даярдайбыз»,-деди.

Зеленский Орусиянын акыркы кол салуулары бутага алган энергетика инфраструктураларында оңдоо иштери жүрүп жатканына карабастан, Украинанын бүтүндөй жеринде электр энергиясы үзгүлтүккө учураганын айтып: «Өлкөбүздүн көпчүлүк аймактарында жана борбор калаа Киевде 6 миллионго жакын абонент өчүрүлдү»,-деди.

Владимир Зеленский ошондой эле Германия өкмөтүн Украинага Patriot ракетадан коргонуу системасын жөнөтүүгө чакырды.

Бир тараптан Зеленский New York Times гезити уюштурган «DealBook» саммитине телеконференция аркылуу катышып Украинада Орусияга каршы уланып жаткан согушка баа берди.

Украина лидери өз сөзүндө согушту токтотуу үчүн зарыл болгон шарттарга токтолуп, мындай деди: «Согуш биз жеңишке жеткенде же Орусия каалаганда бүтөт. Орусия алсыз, обочолонуп, бул боюнча өнөктөшү жок сезилгенде гана каалашы мүмкүн. Келгиле, жакынкы бир нече айда бүтөт деп ишенели».



Тектеш кабарлар