Лавров: "Америкалыктар бүт Европаны кул кылып алышты"

Лавров Москвадагы маалымат жыйынында Батышты сынга алды.

1913614
Лавров: "Америкалыктар бүт Европаны кул кылып алышты"

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) бүткүл Европаны кул кылганын, бир гана немистерди эмес Евробиримдикти (ЕБ) көзөмөлгө алганын айтты.

Лавров Москвадагы маалымат жыйынында Батышты сынга алды.

НАТОнун Кансыз согуштагы артыкчылыктарына кайтып жатканын жүйө келтирген Лавров: «Алар орустарды Европадан чыгаргысы келет. Америкалыктар буга чейин бүт Европаны кул кылып алышкан. АКШ бир гана немистерди эмес, бүтүндөй Евробиримдикти көзөмөлдөөдө»,- деди.

АКШнын азыр Европа менен жан багып жатканын жана Европанын ичинде болгон экономикалык жана энергетикалык кризистен пайда көрөрүн белгилеген Лавров: «Алар Европага газды Европанын Орусиядан сатып алган жаратылыш газынан төрт эсе кымбат сатышат. Европадан инвесторлорду тартуу үчүн АКШ өз өнөр жайына жүздөгөн миллиард долларлык субсидия берип инфляцияга каршы мыйзамдарын алдыга жылдырат. Акырында Европа өзүнүн өнөр жайын жоготот»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар