Японияда энергияны үнөмдөө процесси башталды

Өкмөт үнөмдөө чараларынын комплекстүү программасын жарыялады.

1913301
Японияда энергияны үнөмдөө процесси башталды

Японияда электр энергиясынын өчүрүлүшүн алдын алуу максатында 4 айлык үнөмдөө процесси башталды.

Өкмөт, турак-жайлар жана жумуш орундары үчүн 1-декабрдан 31-мартка чейинки үнөмдөө чараларынын комплекстүү программасын жарыялады.

Япониялыктардан үйлөрүндө жылуу кийинип, жылыткычтарды төмөнкү температурада иштетүүлөрү талап кылынды. Чара көрүүнүн арасында калың пардаларды колдонуу жана керексиз учурда лампаларды өчүрүү да бар.

Өлкөдө электр энергиясын ийгиликтүү үнөмдөгөн керектөөчүлөр шыктандырылат.

Биринчиден, энергияны үнөмдөө программасына катталган бардык тургундар болжол менен 2000 иен (14 доллар) сыйлык упайларын алышат.

Кийинки үч эсеп-фактурасын өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 3 пайызга же андан да көп кыскарткандарга болсо кошумча сыйлык упайлары берилет.



Тектеш кабарлар