БУУ: "Ооганстан азык-түлүк коопсуздугу менен бетме-бет келди"

БУУнун башкы катчысынын Ооганстан боюнча атайын өкүлүнүн орун басары Рамиз Алакбаров билдирүү жасады.

1913239
БУУ: "Ооганстан азык-түлүк коопсуздугу менен бетме-бет келди"

Ооганстанда 6 миллион адамдын азык-түлүк коопсуздугу менен бетме-бет келгени кабарланды.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысынын Ооганстан боюнча атайын өкүлүнүн орун басары Рамиз Алакбаров, Ооганстандын айрым аймактарында кышында абанын температурасынын минус 25 градуска чейин төмөндөгөнүн билдирди.

Алакбаров: «Кышка даярдык көрүү аракеттерин колдоо үчүн 768 миллион долларга жана жылдын аягына чейин 614 миллион долларга муктажбыз»,- деди.

Өлкөдө 6 миллион адамдын чукул абал деңгээлиндеги азык-түлүк коопсуздугуна туш болгонун баса белгилеген Алакбаров, 2023-жылы калктын үчтөн экисинин (28 миллион) гуманитардык жардамга муктаж болорун маалымдады.

2021-жылдын 15-августунда Ооганстанда талибдер бийликке келгенден кийин өлкөнүн экономикасы эл аралык каржылык жардамдын үзгүлтүккө учурашынан катуу жабыркап, аялдар менен кыздар билим алуу баш болгон көптөгөн укуктардан ажыратылган.  

Миңдеген аялдар мамлекеттик мекемелерде жана жеке секторлордо жумушсуз калышты.



Тектеш кабарлар