Шойгу: "Өзөктүк долбоорлорго маани беребиз"

Шойгу борбор шаар Москвада министрликте жооптуу кызматкерлер менен жолугушууда сөз сүйлөдү.

1913036
Шойгу: "Өзөктүк долбоорлорго маани беребиз"

Орусиянын Коргоо министри Сергей Шойгу, келерки жылы армиянын стратегиялык өзөктүк күчтөрүнө карата курулуш долбоорлоруна маани бере тургандарын билдирди.

Шойгу борбор шаар Москвада министрликте жооптуу кызматкерлер менен жолугушууда сөз сүйлөдү.

Жарым-жартылай мобилизациянын алкагында армияга алынган кошумча аскерлердин болжол менен 3 миң машыктыруучу тарабынан Орусия жана Белоруссиядагы 100дөн ашуун полигондо даярдалганын белгилеген Шойгу: «2 айдын ичинде ыктыярчыларды кошкондо 300 миңден ашык кошумча жоокер даярдалды»,- деп айтты.

Машыгуу борборлорунда 8 миңге жакын согуштук унаа, танк, артиллериялык система, учкучсуз учуучу аппарат, электрондук согуш системалары, абадан коргонуу аппараттары жана радио экипаждары окутулганын белгилеген Шойгу, аскерлердин өз алдынча да, бөлүктөрдүн курамында да күжүрмөн милдеттерин ийгиликтүү аткаруусу үчүн зарыл болгон билим жана көндүмдөр менен жабдылганын билдирди.

Ядролук күчтөргө байланыштуу келерки жылга пландалган курулуш долбоорлорун да жыйында сүйлөшө тургандарын белгилеген Шойгу: «Стратегиялык ракеталык күчтөрдүн 5 түзүмүндө жаңы ракеталык комплекстерди жайгаштыруу үчүн инфраструктуралык объектилердин курулушу азыртадан эле камсыздалды»,-деди.

Орусиянын Коргоо министри, 2023-жылы армиянын муктаждыктары үчүн курулуш долбоорлорун даярдоодо стратегиялык өзөктүк күчтөрдүн кызыкчылыгына ылайыктуу курулуштарга өзгөчө көңүл буруларын кошумчалады.



Тектеш кабарлар