ДССУ Сирияга вакцина жөнөттү
2 миллион доза холера вакцинасынын 4-декабрдан тарта эпидемия күчөгөн Халеп, Ракка, Хасеке жана Дейр эз-Зор шаарларында бериле турганы айтылды.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ), холера эпидемиясынан жапа чеккен Сирияга 2 миллиондой доза вакцина жөнөтүлгөнүн маалымдады.
Уюмдун жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, ооздон алынган болжол менен 2 миллион доза холера вакцинасынын 4-декабрдан тарта эпидемия күчөгөн Халеп, Ракка, Хасеке жана Дейр эз-Зор шаарларында бериле турганы айтылды.
Билдирүүдө көз караштары орун алган ЮНИСЕФтин Сирия өкүлү Гада Качачи эпидемиядан эң көп балдардын таасирленгенин белгилеп: «Бейтаптардын саны көбөйүп жатканда вакциналарды өз убагында жеткирүү ЮНИСЕФтин башкы максаты болуп саналат»,-деди.
Сирияда айдын башында жарыяланган билдирүүдө, холерадан каза болгондордун саны 88, ооругандардын саны 31 миң 544 деп кабарланган.
Тектеш кабарлар

Индияда эки аскердик учак кырсыкка учурады
Индиянын Аскердик Аба күчтөрүнүн эки аскердик учагы кыйрап, бир учкуч каза болду.