АКШ Сирияда ПКК/ЙПГ менен аймактагы күзөттөрүн азайтканын жарыялады

Пентагондун басма сөз катчысы, генерал Патрик Райдер күнүмдүк маалымат жыйынында суроолорго жооп берди.

1912850
АКШ Сирияда ПКК/ЙПГ менен аймактагы күзөттөрүн азайтканын жарыялады

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Коргоо министрлиги (Пентагон) Түркиянын Сирияда жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга карай операцияларын улантуудан улам аскерлеринин уюм менен аймактагы күзөттөрүн азайтканын жарыялады.

Пентагондун басма сөз катчысы, генерал Патрик Райдер күнүмдүк маалымат жыйынында суроолорго жооп берип жатып, Түркиянын коопсуздук тынчсыздануусун түшүнүшкөндөрүн, бирок Түрк куралдуу күчтөрүнүн (TКK) Сириянын түндүгүндөгү операцияларынан тынчсыздангандарын айтты.

ДЕАШка каршы операциялар уланып жатабы деген суроого жооп берген Райдер: «ДЕАШка каршы күрөш уланууда. Талаадагы күзөтчүлөрдүн санын азайттык»,-деди.

Райдер жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГнын Түркиянын операцияларына жооп иретинде күзөттөрүн кыскартканын, АКШнын да буга параллелдүү түрдө күзөт санын кыскартканын айтты.

Басма сөз катчысы Райдер Сириядагы америкалык аскерлер аймактан чыгарылбаганын да белгиледи.

Түркиянын Сириядагы ыктымал кургактык операциясынан кооптонгондорун белгилеген Райдер Анкара менен тыгыз байланышта болгондорун айтты.

Патрик Райдер, «Министр Остин жакында кесиптеши (Улуттук коргоо министри Хулуси Акар) менен сүйлөшөт»,-деди.



Тектеш кабарлар