Зеленский 7 өлкөнүн тышкы иштер министрлерин кабыл алды

Зеленский бөлүшкөн видео кайрылуусунда Орусия менен Украинанын ортосунда 24-февралдан бери уланып жаткан согушка байланыштуу акыркы окуяларга баа берди.

1912230
Зеленский 7 өлкөнүн тышкы иштер министрлерин кабыл алды

Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөсүнө иш сапары менен келген 7 өлкөнүн тышкы иштер министрлерин кабыл алды.

Владимир Зеленский социалдык тармактагы баракчасындагы бөлүшүүсүндө Эстониянын тышкы иштер министри Урмас Реинсалу, Исландиянын тышкы иштер министри Тордис Колбрун Гильфадоттир, Латвиянын тышкы иштер министри Эдгарс Ринкевичс, Литванын тышкы иштер министри Габриелиус Ландсбергис, Норвегиянын тышкы иштер министри Анникен Хайтфельдт, Финляндиянын тышкы иштер министри Пекка Хаависто жана Швециянын тышкы иштер министри Тобиас Биллстрем менен жолугушканын билдирди.

«Сиздин сапарыңыз өзгөчө эң олуттуу кыйынчылыктар болуп жаткан учурда Украина менен өнөктөш-өлкөлөрдүн күчтүү колдоосунун жана тилектештигинин маанилүү белгиси болуп саналат»,-деп айткан Зеленский Украинанын аймактык бүтүндүгүн жана көз карандысыздыгын сактоодо жигердүү жана натыйжалуу жардам көрсөткөндүгү үчүн Балтика жана Түндүк Европа өлкөлөрүнө ыраазычылык билдирди.

Зеленский бөлүшкөн видео кайрылуусунда Орусия менен Украинанын ортосунда 24-февралдан бери уланып жаткан согушка байланыштуу акыркы окуяларга баа берди.

Москвадан келген «көрсөтмөлөргө» ылайык иш кылбаганы үчүн Орусиянын Украинага «өч алуу» үчүн согуш жарыялаганын жактаган Зеленский: «Украина эч качан кыйратуучу жер болбойт»,-деп айтты.

Дүйнөдөгү гуманитардык жардамга муктаж өлкөлөргө дан азыктарын жеткирүү үчүн Украинада дан демилгеси платформасын түзүшкөнүн эске салган Владимир Зеленский, бул багытта Түркия баш болгон Америка Кошмо Штаттары, Корея, Жапония, кээ бир Европа Биримдиги (ЕБ) өлкөлөрү, НАТО жана  Бириккен Улуттар Уюмунан (БУУ) олуттуу колдоо алгандарын эске салды.



Тектеш кабарлар