Орусия менен АКШнын ортосунда Жаңы СТАРТ жыйыны жылдырылды

Аудитордук жыйындын эмне үчүн жылдырылганы айтылган жок.

1912297
Орусия менен АКШнын ортосунда Жаңы СТАРТ жыйыны жылдырылды

Орусия менен Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) ортосундагы жаңы стратегиялык куралдарды кыскартуу келишиминин (New START) аудитордук жыйыны кийинкиге жылдырылды.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, АКШ менен 2010-жылы кол коюлуп, 2011-жылы күчүнө кирген Жаңы START келишимин ишке ашыруу жана текшерүүгө байланыштуу 29-ноябрдан 6-декабрга чейин Египеттин борбор шаары Каирде өткөрүлүшү пландалган аудитордук жыйындын кийинкиге жылдырылганы белгиленди.

Өткөн жылы узартылган жана 2026-жылга чейин күчүндө боло турган келишим боюнча аудитордук жыйындын эмне үчүн жылдырылганы айтылган жок.

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков мурунку билдирүүсүндө, ушул айда Орусия менен АКШнын ортосунда Жаңы STARTтын алкагында текшерүүлөрдү кайра баштоо максатында сүйлөшүүлөрдүн болорун маалымдаган.

Август айында болсо Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова, АКШ менен Орусиянын ортосундагы келишимдин алкагында текшерүүгө байланыштуу бир катар көйгөйлөрдүн чечилгенин билдирген.



Тектеш кабарлар