Орусия аскердик спутнигин учурду
«Космос-2564» аттуу спутниктин орбитага ийгиликтүү жайгашканы маалымдалды.
1912398

Орусиянын Коргоо министрлиги, орус армиясы тарабынан колдонулушу үчүн дагы бир спутникти орбитага учурду.
Орусиянын Архангельск облусундагы Плесецк космодромунан «Союз 2.1б» ракетасы менен учурулган «Космос-2564» аттуу спутниктин орбитага ийгиликтүү жайгашканы маалымдалды.
Министрликтин билдирүүсүндө, «Космостук аппарат болжолдонгон убакта Авиация жана Космос күчтөрүнүн көзөмөлүнө өттү»-деп айтылды.
Орусия 2-ноябрда да Плесецк космостук базасынан дагы бир аскердик спутнигин учурган болчу.
Тектеш кабарлар

Бельгия бир атомдук реакторун жабууда
Бельгияда 40 жылдан бери иштеп жаткан Тиханге 2 өзөктүк реактору бүгүн туруктуу жабылат.