Чавушоглу: "Украина үчүн тез арада тынчтык керек"

Мевлүт Чавушоглу Бухарестте өткөрүлгөн Аспен институтунун жыйынында сөз сүйлөдү.

1912497
Чавушоглу: "Украина үчүн тез арада тынчтык керек"

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Украина үчүн тез арада тынчтыкка муктаждык бар экенин айтты.

Мевлүт Чавушоглу Румыниянын борбор шаары Бухарестте өткөрүлгөн Аспен институтунун 11-Бухарест форумунун «Европанын жаңы коопсуздук архитектурасы» темалуу жыйынында сөз сүйлөдү.

Форумдун алкагында Европадагы жаңы коопсуздук архитектурасына байланыштуу негизги суроолордун коюлганын түшүндүргөн Чавушоглу, НАТОнун 5-беренесинин 11-сентябрдан кийин бир гана жолу ишке ашырылганын эске салып: «Шериктештер Түркиянын жанында болушу зарыл, террордон эң көп жапа чеккен шериктештин Түркия экенин унутпашы керек»,-деди.

Мевлүт Чавушоглу концессияларсыз ийкемдүү болуу мүмкүн экенин белгилеп: «Бир жагынан биз Украинанын аймактык бүтүндүгүнө жана эгемендигине күчтүү колдообузду улантып жатабыз»,- деп айтты.

Түркиянын кагылышуулардын башка жерлерге өтүшүнө жол бербөө жана чыңалууну азайтуу үчүн ар түрдүү кадамдарды таштаганын айткан министр Чавушоглу, согуштан бир гана Украина эмес, коңшу өлкөлөрдүн да жабыр тартканын билдирип: «Айыптоо менен гана маселени чечүү мүмкүн эмес. Ошондуктан биз чара көрүп, адилеттүү жол менен тынчтыктын орношуна кепилдик беришибиз зарыл. Өзгөчө Украина үчүн тез арада тынчтык керек. Биз да Түркия катары дал ушуну ишке ашырууга аракет кылып жатабыз»,-деди.

Жаңы Европа коопсуздугун түзүү үчүн биримдиктин рухун кайра ачышыбыз керек»,-деген Мевлүт Чавушоглу Евробиримдиктин да кеңейүү процессин жандандырышы керектигин сөз кылды.

Чавушоглу: «Түркиянын ийгилиги Европанын ийгилиги болот, ийгиликсиздик биз үчүн тандоо эмес, бирок туура эмес кадам ташталса Европа үчүн толук туруксуздукка алып келет»,-деп айтты.

Бухаресттеги Мюнхен коопсуздук конференциясына тышкы иштер министри Чавушоглу да катышты.

Чавушоглу социалдык медиадан жасаган билдирүүсүндө жыйында Кара деңиздин коопсуздугу боюнча учурдагы кыйынчылыктарга жана таштала турган кадамдарга баа бергендерин белгиледи.



Тектеш кабарлар