Шольц орус бийлигин сынга алды

Олаф Шольц, Focus журналына билдирүү жасады.

1911607
Шольц орус бийлигин сынга алды

Германиянын канцлери Олаф Шольц, 24-февралдан бери Украинага каршы согуш жүргүзүп жаткан Орусиянын эл аралык мыйзамдарды аёосуз бузушунун өкүнүчтүү экенин айтты.

Олаф Шольц, Focus журналына билдирүүсүндө: «Согуш Европага кайтып келди. Коңшусунан (Украинадан) аймакты тартып алгысы келген орус бийлигинин эл аралык мыйзамдарды аесуз бузуп жатканы өкүндүрөт»-деди.

Европада өлкөлөр бири-бири менен согушуп жаткан мезгилдегидей Орусиянын күч менен аймагын кеңейтүүгө аракет кылганын билдирген Шольц, согуш жана империализмдин Европага кайра кайтып келгенин айтты.

Украинадагы согуштун Москва пландагандан такыр башкача болгонун белгилеген Шольц: «Кандайдыр бир убакта Орусия да бул оор абалдан чыгуунун жолун издей турган учур келет. Аскерлерди чыгарып кетүү башкы мааниге ээ»,-деп сереп салды.

Германиянын канцлери Украинадагы согуштун эл аралык укуктун бардык нормаларын бузганын баса белгилеп: «Бул согуш үчүн (Орусия президенти) Владимир Путин жооптуу. Ал жерде өтө ырайымсыз согуш кылмыштары жасалды. Биз кылмыштардын бетин ачууга, күнөөлүүлөрдү аныктоого жана аларды жоопкерчиликке тартууга жардам беребиз»,- деди.



Тектеш кабарлар