Путин: "Эл аралык соода кризисте"

Владимир Путин, Орусия-Казакстан аймактык форумуна онлайн катышты.

1911966
Путин: "Эл аралык соода кризисте"

Орусиянын президенти Владимир Путин соодада жаңы рынокторго багыт алгандарын билдирип: «Эл аралык соода кризисте. Орусия өзүнүн импортун жана экспортун жаңы рынокторго багыттоо боюнча кеңири чараларды көрүп жатат»,- деди.

Владимир Путин, борбор калаа Москвада расмий жолугушууларды өткөргөн Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев менен Орусиянын Оренбург шаарында уюштурулган Орусия-Казакстан аймактык форумуна онлайн катышты.

Орусиянын Казакстандын экономикасына эң көп инвестиция салган өлкөлөрдүн бири экенине көңүл бурган Путин: «Биздин Казакстанга инвестициябыз болжол менен 17 миллиард долларга жетти. Өлкө экономикасынын бардык негизги тармактарында 30дан ашык биргелешкен инвестициялык долбоорлор ишке ашырылууда»,-деди.

Казакстан менен орток транспорттук жана логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү кадамдарын талкуулагандарын баса белгилеген Владимир Путин: «Биз ошондой эле соодага жана инвестицияга таасир этүүчү чектөөлөрдү алып салууга кызыкдарбыз. Бул бүгүнкү күндө өзгөчө маанилүү. Эл аралык соода кризисте. Орусия өзүнүн импортун жана экспортун жаңы рынокторго багыттоо боюнча кеңири чараларды көрүп жатат»,- деди.

Путин менен Токаев форумдагы сөз сүйлөөлөрдөн кийин Орусиянын Президенттик сарайы Кремлде эки тараптуу сүйлөшүүгө өтүштү.



Тектеш кабарлар