Иракта уурдалган 2,5 миллиард доллар...

Ирактын премьер-министри Мохаммед Шиа ал-Судани борбор шаар Багдадда өткөргөн маалымат жыйынында кайтарылган акча менен журналисттердин алдына чыкты.

1911741
Иракта уурдалган 2,5 миллиард доллар...

Ирактын премьер-министри Мохаммед Шиа ал-Судани мамлекеттик банктан бир нече күн мурда уурдалган 2,5 миллиард доллардын бир бөлүгү мамлекетке кайтарылганын жарыялады.

Судани борбор шаар Багдадда өткөргөн маалымат жыйынында кайтарылган акча менен журналисттердин алдына чыкты.

«Тергөө иштерин жүргүзгөн тиешелүү комиссиялар уурдалган сумманын 182 миллиард динарынын (124 миллион 600 миң доллар) кайтарылышын камсыздады»,-деп айткан Судани айрым мамлекеттик мекемелерде иштеген адамдардын аталган акчаны уурдоого жардам бергенин айтты.

Судани, учурда абакта жаткан Нур Зухайрдын уурдаган акчаларынын баарын кайтаруу үчүн күрөө менен бошотула турганын, бул адамдын бардык акчаны кайтарганга чейин коопсуздук күчтөрүнүн байкоосунда боло турганын белгиледи.

Ирактын премьер-министри Зухайрдын соту уурдалган акчалардын баары кайтарылгандан кийин улана турганын билдирди.

Иракта 16-октябрда Башкы салык кызматына тиешелүү 2,5 миллиард долларлык аманат мамлекеттик банктан уурдалганы айтылган.



Тектеш кабарлар