Гамбиядан Түркияга мактоо

Бадара Жуф Анадолу агенттигине билдирүү жасады.

1911945
Гамбиядан Түркияга мактоо

Гамбиянын вице-президенти Бадара Жуф, Кара деңиз дан коридору келишиминин муктаж болгон мамлекеттердин көйгөйүнө чечүүчү жол болгондугун белгилеп, Түркияны мактады.

Бадара Жуф, Ислам сооданы өнүктүрүү борбору (ICDT) менен Ислам өлкөлөрүнүн стандарттары жана метрология институтунун (SMIIC) кызматташтыгында уюштурулган Дүйнөлүк халал саммити жана Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) 9-Халал Экспо жарманкесинде Анадолу агенттигине билдирүү жасады. 

Түркия менен Гамбиянын абдан жакын карым-катнаштары бар экенин, президенттер деңгээлинде буга чейин өз ара сапарлардын ишке ашканын эске салган Жуф: «Коопсуздук, айыл чарба, билим берүү, саламаттыкты сактоо сыяктуу көптөгөн тармактарда кызматташуудабыз. Эки тараптуу мамилелер боюнча да бул кызматташтыкты келечекте тереңдетүү идеясы бар. Ушул себептен президентибиздин өкүлү катары учурда Түркиядамын»,-деди.

Гамбиянын айыл чарба өндүрүшүндө олуттуу потенциалга ээ экенине көңүл бурган Жуф, технологиялык колдоо көрсөтө алган Түркиянын жардамы менен азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жагынан өз алдынча мамлекет боло ала тургандарын айтты.

Жуф дан коридору келишиминде президент Режеп Таййип Эрдогандын ойногон ролунун маанисин баса белгилеп: «Гамбия элинин атынан президент Режеп Таййип Эрдоганды Орусия менен Украинанын ортосунда кол коюлган дан коридору келишиминде ортомчулук кылганы үчүн куттуктайм. Бул келишимдин негизинде ал эгинге муктаж элдер азыктанса болот. Бул чоң гуманитардык демилге. Булар күчтүү лидер гана күчтүү көрөгөчтүк менен жасай ала турган нерселер. Бул күрөштө президент Режеп Таййип Эрдоган абдан маанилүү иштерди жасады. Ал Түркия, Орусия, Украина үчүн гана эмес, дүйнөдөгү берки өлкөлөр үчүн да келишим түздү»,- деди.



Тектеш кабарлар