Макрон Түркиянын Кара деңиз дан демилгеси келишиминдеги ортомчулук ролун баса белгиледи

Твиттерде бөлүшкөн видеодо Макрон 1932-1933-жылдары Украинада советтик режим миллиондогон адамдарды ачарчылыктан өлтүрүүгө мажбурлаган Холодомор трагедиясына токтолгон.

1911474
Макрон Түркиянын Кара деңиз дан демилгеси келишиминдеги ортомчулук ролун баса белгиледи

 

 Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Түркиянын Кара деңиз дан демилгеси келишиминдеги ортомчулук ролун баса белгилеп, «Түркиянын ортомчулугу менен сүйлөшүлгөн «Кара деңиз дан демилгесинин» 120 күнгө узартылышы да эң аярлуу өлкөлөргө жардам берүү үчүн зарыл. Бул демилгени улантуу керек»,- деди.

Твиттерде бөлүшкөн видеодо Макрон 1932-1933-жылдары Украинада советтик режим миллиондогон адамдарды ачарчылыктан өлтүрүүгө мажбурлаган Холодомор трагедиясына токтолгон.

24-февралдан бери уланып жаткан Украина-Орусия согушунун дүйнөнү азык-түлүк кризиси коркунучу алдында калтырганына көңүл бурган Макрон: «Эң аялуу өлкөлөр алар каалабаган согуш үчүн чыгымга учурабышы керек»,-деди.

Макрон Европа Биримдигинин (ЕБ) ушул убакка чейин «тилектештик коридорлору» менен Украинадан 15 миллион тонна дан ташып чыгарганын белгилеп:«Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) көзөмөлүндө сүйлөшүлгөн «Кара деңиз дан демилгесинин» Түркиянын ортомчулугу аркылуу 120 күнгө узартылышы да эң аялуу өлкөлөргө жардам берүү үчүн зарыл. (Бул демилгенин) улантылышы керек», деген сөздөргө орун берди.

Украинанын Сомалиге берген 25 миң тонна данынын жөнөтүлүшү үчүн Франциянын БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасына (ДАП) 14 миллион доллар салым кошконун айткан Макрон, Украина данынын Йемен жана Суданга жөнөтүлүшү жана бөлүштүрүлүшү үчүн Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасына 6 миллион евро өлчөмүндөгү жардам берилээрин жарыялады.



Тектеш кабарлар