Экватордук Гвинеяда Мбасого кайрадан президент болуп шайланды

Улуттук шайлоо комиссиясынын төрагасы Фаустино Ндонг Эсоно Эянгдын билдирүүсүндө, президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы боюнча жеңүүчүсү 43 жылдан бери президенттик кызматты аркалап келген Обианг болуп эсептелгени маалымдалы.

1911496
Экватордук Гвинеяда Мбасого кайрадан президент болуп шайланды

Экватордук Гвинеяда 94,9 пайыз добуш алган Теодоро Обианг Нгуэма Мбасого кайрадан президент болуп шайланды.

Улуттук шайлоо комиссиясынын төрагасы Фаустино Ндонг Эсоно Эянгдын билдирүүсүндө, президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы боюнча жеңүүчүсү 43 жылдан бери президенттик кызматты аркалап келген Обианг болуп эсептелгени маалымдалы.

Шайлоочулардын катышуусунун 98 пайыз болгонун белгилеген Эянг, президент Обиангдын 94,9 пайыз добуш алганын жарыялады.

Эянг башка талапкерлердин арасында Социалдык демократия үчүн союз (CPDS) партиясынын талапкери Андрес Эсоно Ондо 9 миң 684 добуш, Социалдык демократия коалиция партиясынын (PCSD) талапкери Буенавентура Монсуй Асуму болсо 2 миң 855 добуш алганын белгиледи.

Болжол менен 1,5 миллион калкы бар өлкөдө Экватордук Гвинеяны 7 жыл башкара турган президентке, ошондой эле парламенттик, сенатка жана муниципалдык шайлоолорго 427 миң 661 шайлоочу добуш берди.

Экватордук Гвинеянын башкаруучу Демократиялык партиясы (PDGE) палатадагы 100 орундун бардыгын жана сенаттагы 55 орундун бардыгын жеңип алды.

80 жаштагы Обианг 2016-жылдагы шайлоодо 93,7 пайыз добуш алып, бешинчи мөөнөткө президент болуп шайланган.



Тектеш кабарлар