Кувейтте биринчи жолу холера бейтабы аныкталды

«Ел  Кабес» гезитинин кабарына караганда, Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөдө биринчи жолу чыккан холера бейтабына байланыштуу жазуу түрүндө маалымат берди.

1911296
Кувейтте биринчи жолу холера бейтабы аныкталды

Кувейтте биринчи жолу холера жуктурган бейтап аныкталып, бейтаптын өлкө тышынан кайткандыгы билдирилди.

«Ел  Кабес» гезитинин кабарына караганда, Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөдө биринчи жолу чыккан холера бейтабына байланыштуу жазуу түрүндө маалымат берди.

Маалыматта холера эпидемиясы болгон коңшу өлкөлөрдүн биринен кайтып келген бир кувейттикте холеранын аныкталгандыгы билдирилди.

Кайсы өлкөгө баргандыгы билдирилбеген бейтаптын бир ооруканада карантинге алынып, дарылана баштагандыгы белгиленди.

Маалыматта өзгөчө холера эпидемиясы болгон өлкөлөргө саякатка баргандар эскертилип, кайткандан кийин 7 күндүн ичинде жогорку температура жана ич өткөк сыяктуу шектүү белгилерди көрсөткөндөрдүн эң жакын саламаттыкты сактоо борборлоруна баруулары керектиги айтылды.

«Ел  Межлис» гезитинде 25 - октябрда орун алган кабарга караганда, Кувейт холера эпидемиясы менен бетме - бет келген Ирак, Ливан жана Сириядан өлкөгө кирген жүргүнчүлөрдүн жанында тамак - аш алып жүрүшүнө тыюу салуу чечимин кабыл алган.

 



Тектеш кабарлар