Керкүктө болгон сел апааты

Селдин кесепетинен бир үй - бүлөдөн эки бала каза болду.

1911348
Керкүктө болгон сел апааты

Ирактын Керкүк шаарында түнкүсүн башталган тынымсыз жамгырдын кесепетинен сел каптаган үйдө бир үй-бүлөнүн эки баласы каза болду.

Керкүктүн Саламаттыкты сактоо директорлугунун жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, тынымсыз жааган жамгырдын Керкүктүн Алтункөпрү кичи районундагы Далама айылына таасир эткени белгиленди.

Билдирүүдө Хасар айылында бир үйдүн суу астында калып, бир үй - бүлөдөн 2 баланын каза болгондугу билдирилди.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн жардамы менен үй – бүлөнүн башка мүчөлөрүнүн куткарылгандыгы маалымдалды.

Керкүк метеорология башкармалыгынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта түндө башталган жаан - чачындын болжолдонгондугу, бирок анын күчөшүнүн күтүлбөгөндүгү билдирилген.

 



Тектеш кабарлар