Италиянын Иския аралында жер көчкү болду

Жер көчкүдө 8 киши каза болду.

1911391
Италиянын Иския аралында жер көчкү болду

Италиянын Тиррен деңизиндеги Иския аралында нөшөрлөгөн жамгырдан улам болгон жер көчкүдө 8 киши каза болду.

Италиянын түштүк - батыш жээгиндеги Неаполь булуңунун түндүгүндө Иския аралында  нөшөрлөп жааган жамгыр сел жана жер көчкүгө себеп болду.

Кээ бир үйлөр топурак  астында калып, көптөгөн унааларды сел суулары агызды.Италиянын вице  -премьер - министри,  инфраструктура жана транспорт министри Маттео Сальвини 8 кишинин каза болгонун билдирди.

Өрт өчүрүү кызматы дайынсыз жоголгондорду издөө иштери уланып жатканын билдирди.

Турак жайларда электр жарыгы жана суу үзгүлтүккө учурап, кээ бир жолдор ылай жана таштандыдан улам жабылды.

Аралдын азырынча жетишиле албаган аймактарында кеминде 100 кишинин аймактан чыга албай калгандыгы билдирилди.

 



Тектеш кабарлар