Болгария калкынын 8,7 пайызы түрк тектүү

Болгариянын Улуттук Статистика Институту өлкөдө 2021 - жылдагы эл каттоону камтыган документти жарыялады.

1911325
Болгария калкынын 8,7 пайызы түрк тектүү

Болгариянын 6,5 миллион калкынын 8,4 пайызы түрк тектүү.

Болгариянын Улуттук Статистика Институту өлкөдө 2021 - жылдагы эл каттоону камтыган документти жарыялады.

Статистикалык маалыматтарга караганда 6 миллион 519 миң 789 киши жашаган Болгарияда 508 миң 378 киши түрк тектүү. Бул абалда  Болгариядагы түрктөр калктын 8,4 пайызын түзөт.

Болгарлар калктын 78,7 пайызын түзсө, цыгандар 4,4 пайызын түзүүдө.

Акыркы эл каттоого катышкандардын жооптору өлкөдөгү жалпы калктын 8,7 пайызын түзгөн 514 миң 386 жарандын эне тилинин түркчө экенин көрсөттү.

Ал эми өзүн мусулман деп эсептеген 638 миң 708 жаран калктын 10,8 пайызын түзөт.



Тектеш кабарлар