Игорь Конашенков орус аскердик күчтөрүнүн Украинага чабуул жасагандыгын билдирди

Конашенков чабуулдун максатына жеткендигин билдирди.

1910984
Игорь Конашенков орус аскердик күчтөрүнүн Украинага чабуул жасагандыгын билдирди

Россиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков кечээ күнү Украинанын аскердик башкаруу жана энергетика системаларына алыс аралыкка атуучу жогорку тактыктагы курал менен чабуул жасашкандарын айтты.

Игорь Конашенков орус аскердик күчтөрүнүн Россия - Украина согушундагы аткарган иштери тууралуу маалымат берди.

Украинага карата ракеталык чабуул жасагандарын белгилеген Конашенков : «Россиянын куралдуу күчтөрү 23 – ноябрда Украинанын аскердик башкаруу системаларына жана бул системалар тууралуу энергетикалы инфраструктура элементтерине абадан, деңизден жана кургактыктан алыс аралыкка атуучу жогорку тактыктагы куралдар менен кеңири масштабдуу чабуул жасадык»,-деди. 

Чабуулдун максатына жеткендигин жана бардык  элементтерге сокку урулгандыгын  айткан Конашенков : «Чабуулдун натыйжасында чет элдик курал, аскердик  техникалар жана ок – дарыларды кагылышуулар улантылып жаткан аймактарга Украина куралдуу күчтөрүнө таандык поезддер менен  ташууга тоскоол болду»,-деди.

Игорь Конашенков Украинанын борбор шаары Киевдеги буталарга каршы кол салуу жасабаганын айтты.

Украина күчтөрүнүн Купянск, Красный Лиман жана Донецктин түштүгүндөгү кол салууларынын мизин кайтарганын белгилеген Конашенков, бул жердеги кагылышууда 120дан ашуун украин аскеринин таасирсиз абалга келгенин, көп сандаган аскердик техниканын да жок кылынганын айтты.

Орус басма сөз катчысы акыркы 24 саатта Украина армиясына таандык 4 учкучсуз учуучу аппараттын атып түшүрүлгөнүн билдирип : «Украинада бүгүнкү күндө 333 учак, 177 тик учак, 2558 учкучсуз учуучу аппарат, 390 абадан коргонуу ракеталык системасы, 6791 танк жана бронетехника, 902 көп стволдуу ракета аткычтар, 3616 гаубица жана минометтор, 7340 аскердик унаа жок кылынды»,- деди.



Тектеш кабарлар