ЖККУнун жыйындарынын жыйынтык билдирүүсүнө Пашинян кол койгон жок

Владимир Путин Армениянын борбору Ереванда Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынында сөз сүйлөдү.

1910541
ЖККУнун жыйындарынын жыйынтык билдирүүсүнө Пашинян кол койгон жок

Орусиянын президенти Владимир Путин, Азербайжан менен Армениянын ортосунда жетишилген келишимдер ырааттуу түрдө ишке ашырылса, эки өлкө ортосунда тынчтык келишимине кол коюлушу мүмкүн экенин айтты.

Владимир Путин Армениянын борбору Ереванда Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынында сөз сүйлөдү.

Өткөн айдын аягында Сочиде өткөрүлгөн Орусия, Азербайжан жана Армениянын лидерлери тууралуу оң пикирлерин айткан Путин, сүйлөшүүлөрдүн келечектеги фундаменталдуу маселелерде орток пикирге келүү үчүн жакшы негиз болгонун айтты.

Лидерлер 2020 жана 2021-жылдары кабыл алган декларацияларга берилгендигин дагы бир жолу кайталаган Путин чек араларды аныктоо, транспорттук байланыштарды ачуу жана гуманитардык көйгөйлөрдү чечүү боюнча келишимдердин ырааттуу ишке ашырылышы өлкөлөр ортосундагы мамилелерди нормалдаштырууга жардам берерин баса белгиледи.

Владимир Путин: «Мунун баары Баку менен Ереван ортосунда тынчтык келишимине кол коюуга мүмкүндүк берет деп үмүттөнөбүз»,-деди.

Бир тараптан Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Азербайжанга каршы чечим чыгарта албаган ЖККУнун саммитине байланыштуу декларацияга кол койгон жок.

Пашинян жыйында сүйлөгөн сөзүндө Азербайжан армиясынын 2021-жылдын май айына чейинки өз позициясына кайтуусу керектигин айтып: «Армения ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешине бул чыгып кетүүнү камсыз кылуу үчүн Азербайжан менен зарыл болгон саясий жана дипломатиялык иштерди тездетүүнү сунуштайт»,-деп айтты.

ЖККУнун жыйынтык декларациясында Армениянын сезимталдыктарынын толук эске алынбаганына көңүл бурган Пашинян: «Ошондуктан, ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин декларациясы жана Арменияга жардам көрсөтүү боюнча биргелешкен иш-аракеттер боюнча документ жетиштүү түрдө иштелип чыккан деп эсептебейм жана бул документтерге кол коюуга даяр эмесмин»,-деди.

Ал арада Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Пашинян ЖККУнун декларациясына кол коюудан баш тартканына байланыштуу Армения ЖККУнун мүчөсү бойдон кала берерин билдирди.

Абалдын «татаал» экенин түшүндүргөн Песков: «Ар бир маселе боюнча консенсус болгон жок жана бул окуя бул форматтын маанилүүлүгүн дагы бир жолу көрсөттү»,-деди.

Бир тараптан Орусиянын президенти Путин менен Пашинян саммиттен кийин жолугушту.

Пашинян жолугушуунун басма сөзгө ачык бөлүмүндө сүйлөгөн сөзүндө коопсуздук жаатындагы кырдаалга токтолуп: «Көйгөйлөр көп. Мен алар тууралуу ЖККУнун жыйынында айттым. Бул сиздин көмөгүңүз жана колдооңуз менен Азербайжандын президенти (Илхам Алиев) менен кол койгон үч тараптуу келишимди ишке ашырууга байланышкан көйгөйлөр. Бул абдан маанилүү маселелер. Аймакта узак мөөнөттүү тынчтыкты камсыздай турган маселелерди талкуулашыбыз керек»,-деп айтты.

ЖККУнун саммитинин жыйынтыгы боюнча Путин: «Албетте, бардык темалар сейрек гана макулдашылган, бирок жалпысынан иш кызуу жана пайдалуу болду»,-деди.



Тектеш кабарлар