Индонезиядагы жер титирөөнүн кесепеттери...

Улуттук апааттарды башкаруу агенттигинин (BNPB) башчысы Сухарянто өлкөнүн Батыш Ява провинциясында болгон жер титирөөдөн эки күн өткөндөн кийин урандылардын астынан 6 жашар баланын чыгарылганын жарыялады.

1910507
Индонезиядагы жер титирөөнүн кесепеттери...

Индонезиянын Батыш Ява провинциясында 21-ноябрда болгон 5,6 баллдык жер титирөөдө каза болгондордун саны 271ге жетти.

Улуттук апааттарды башкаруу агенттигинин (BNPB) башчысы Сухарянто өлкөнүн Батыш Ява провинциясында болгон жер титирөөдөн эки күн өткөндөн кийин урандылардын астынан 6 жашар баланын чыгарылганын жарыялады.

Ушул убакка чейин 271 кишинин каза болгон жер титирөөдө дагы эле эң аз 40 кишинин дайынсыз экенин белгилеген Сухарянто 2 миң 43 кишинин жаракат алганын белгиледи.

Сухарянто каза болгондордун 100ү балдар экени тастыкталганын айтты.

Жер титирөөдөн бери болжол менен 62 миң кишинин баш калкалоочу жайларда калганын белгилеген Сухарянто, апаат болгон аймакка издөө-куткаруу топторуна, полицияга жана ыктыярчыларга колдоо көрсөтүү максатында 12 миң армия кызматкеринин жайгаштырылгандыгын белгиледи.

Сухарянто жер титирөөдөн улам Чианжурда 56 миң 230дан ашуун үй зыянга учураганын, 31 мектеп менен кошо 170тен ашуун коомдук имараттын да зыянга учураганын белгиледи.

Америка Кошмо Штаттарынын Геологиялык кызматы (USGS) Индонезиянын Батыш Ява провинциясындагы Жиранжанг шаарынан 18 километр түштүк-батышта болгон 5,6 баллдык жер титирөөнүн 10 километр тереңдикте катталганын жарыялады.

 



Тектеш кабарлар