ЕБ Израиль аскерлеринин Батыш Шериадагы башталгыч мектепти талкалоосунун «үрөй учурганын» билдирди

Бул тууралуу Европа Биримдигинин Палестина өкүлдүгүнөн жазуу түрүндөгү билдирүү жасалды.

1910697
ЕБ Израиль аскерлеринин Батыш Шериадагы башталгыч мектепти талкалоосунун «үрөй учурганын» билдирди

Евробиримдик (ЕБ) Израиль аскерлери басып алган Батыш Шериадагы Месафир Ятта аймагындагы башталгыч мектепти талкалоосунун «үрөй учурганын» билдирди.

Бул тууралуу Европа Биримдигинин Палестина өкүлдүгүнөн жазуу түрүндөгү билдирүү жасалды.

Билдирүүдө: «Евробиримдиктин бир нече мүчө-мамлекеттеринин дипломатиялык өкүлдөрү баргандан бир күн өткөндөн кийин, Палестинанын оккупацияланган аймактарындагы Месафир Яттада Израилдин коопсуздук күчтөрү донорлор тарабынан каржыланган Исфи башталгыч мектебин талкалаганы тууралуу кабар биздин үрөйдү учурду»,делди.

Палестиналык балдардын билим алуу укуктары сакталышы керектиги баса белгиленген билдирүүдө, «Биз Израилдин гуманитардык жардам менен курулган структураларды бутага алган практикасына терең тынчсызданабыз»,деген сөздөр камтылды.

Билдирүүдө «Израилдин күч колдонуу менен уланткан бул практикалары Месафир Яттадагы палестиналык жамааттардын бар болушуна коркунуч туудурганы» белгиленди.

Израиль аскерлери оккупацияланган Батыш Шерианын түштүгүндө Израиль армиясы тарабынан сүргүн коркунучу алдында турган палестиналык бедуиндер жашаган Месафир Ятта аймагындагы Исфи башталгыч мектебине окуучулар окуп жаткан учурда тинтүү жүргүздү.

Оккупациялык күчтөр мектептин ичиндеги материалдарды конфискациялап, имаратты «уруксатсыз» деген жүйө менен бузушкан.



Тектеш кабарлар