Британия : "Иран эч качан атомдук куралга ээ болбошу керек"

Британиянын тышкы иштер министри Жеймс Клеверли Ирандын эч качан атомдук куралга ээ болбошу керектигин айтты.

1910512
Британия : "Иран эч качан атомдук куралга ээ болбошу керек"

Британиянын тышкы иштер министри Жеймс Клеверли Ирандын эч качан атомдук куралга ээ болбошу керектигин айтты.

Клеверли Твиттердеги билдирүүсүндө Ирандын өзөктүк программасын кеңейткенине көңүл буруп, мунун режимдин глобалдык коопсуздукка тийгизген коркунучунун дагы бир далили экенин белгиледи.

Министр Клевери : «Өз элине зулумчулук кылган бир режим, сөзсүз түрдө тыштагы дос жана союздаштарыбызды да коркутат. Иран эч качан атомдук куралга ээ болбошу керек»,- деди.

Иран «Эл аралык атомдук энергетика агенттиги UAEA менен жетеринче кызматташуу түзбөдү» деген негиз менен UAEAнын башкаруу кеңешинде кабыл алынган  чечимге каршылык катары Фордо шаарындагы атомдук обьектиде  60 пайыздык таза уранды байытууну баштагандыгын жарыялаган.

"E3" деп аталган Британия, Франция жана Германия кечээ Ирандын атомдук программасын дагы да кеңейтүү чечимин айыпташты.

Үч өлкөнүн биргелешкен билдирүүсүндө : «Ирандын бул кадамы глобалдык атомдук  куралдардын жайылышын алдын алуу системасына каршы чыгуу»,-  деп билдирилген.



Тектеш кабарлар